Канатбек Муратбеков Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын башчылыгына кайра дайындалды
Канатбек Муратбеков Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору болуп кайра дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 27-апрелде кол койгонун өкмөттөн кабарлашты.
Муратбеков аталган кызматты 2015-жылдын декабрынан бери жетектеп келген. Темир Сариевдин өкмөт башчылыктан кетиши менен инспекциянын директорунун милдетин аткаруучу болуп иштеп турган.
Инспекцияны жетектегенге чейин Нарын облусунун башчысы кызматын аркалаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
2

