ЖЫЛНААМА, 28-АПРЕЛЬ: Мушкер Мухаммед Али аскер кызматын өтөөдөн баш тартканы үчүн профессионалдык рингден 3 жылга "айдалган"

Туура 49 жыл мурун легендарлуу америкалык мушкер Мухаммед Али АКШнын аскер кызматын өтөөдөн баш тартканы үчүн мелдештерге чыгуу укугунан ажыраган. Буга катар чемпиондук наамдарынан кол жууган. Ал кезде Али "Рим-1960" Олимпиадасында алтын медаль тагынып, профессионалдык рингде абсолюттук чемпион (1964-1966-жылдары) болууга жетишкен.
1967-жылы ал согушка каршы экенин айтып, аскер кызматын өтөөдөн баш тарткан. Бул үчүн мушкер рингге чыгуу укугунан ажырап, аны 5 жылга эркинен ажыратуу боюнча сот чечими чыккан. "Өз өлкөсүн сатып кетти!" деп көптөгөн күйөрмандар андан жүз бурганы менен, мушкер принцибинен тайган эмес. 1971-жылы Жогорку Сот Мухаммед Алинин ишин кайрадан карап чыгып, мушкерди актаган.
Профессионалдык рингге кайткан Али бир-эки ийгиликтүү аракетинен кийин кайрадан Дүйнө чемпиону аталган.



1 |