Депутат "Жогорку Кеңеште куралчан адамдар жүрүшөт" деп спикерге арызданды

Жогорку Кеңештин 28-апрелдеги жыйынында "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Мирлан Жээнчороев парламенттин имаратында куралчан адамдардын жүргөнү боюнча спикер Чыныбай Турсунбековго арызданды.
"Сиз жаңы шайландыңыз. Эми жаңы жакшы өзгөрүүлөр болот деп ишенебиз. Азыр, мисалы, Жогорку Кеңештин ар бир бурчунда куралчан адамдар турушат. Алар парламентте жок болсо жакшы болот эле", - деп кайрылды спикерге Жээнчороев.
Айта кетсек, бүгүн парламент жыйынында президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда өкмөттүн мүчөлөрүнүн ант берүү аземи өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
-1

