"Дүйнөдө наркобарондор - биринчи кылмышкерлер, бизде болсо биринчи кылмышкерлер - энергобарондор" дейт депутат
Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк алгандан бери энергетика тармагында реформа жүргүзүлгөн жок. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков билдирди.
"Дүйнөдө наркобарондор - биринчи кылмышкерлер, бизде болсо биринчи кылмышкерлер - энергобарондор. Бул энергобарондор буга чейинки өкмөттөрдүн баштарын жутушту, азыркы өкмөттүн башын да жутушу мүмкүн. Өкмөт Улуттук энергохолдингди эмес, уурулук-холдингди түздү, анткени ал жерде укмуштуу коррупциялык көрүнүштөр бар. Аталган энергохолдингди Максим Бакиевдин жанында иштеген бала башкарып жатат. Энергобарондор ушундай жаш балдарды отко салып, өздөрү көшөгөнүн артында башкарып жатышат", - деди депутат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

