super.kg logo

Бүгүн болгон жер көчкүдөн улам Алмалуу-Булак айылынын эли башка жакка көчүп жатат

 

Бүгүн, 28-апрелде саат 10:00 чамасында Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Алмалуу-Булак айылында кайрадан жер көчкү жүрдү. Аталган айылдын тургуну Жолдошбек Абсабировдун SUPER.KG'ге билдиришинче, учурда айыл тургундары үйлөрүн таштап, көчүп кетишүүдө. Айылда жалпы 20 чакты үй болсо, бир үйдү көчкү толугу менен басып калган.

"Бактыга жараша, адам өмүрүнө зыян келген жок. Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери абал менен таанышып жатышат. Ал эми эл үйлөрүн таштап, тууган, тааныштарынын үйлөрүнө көчүп кетип жатат", - деди ал.

Эскерте кетсек, 27-апрелде да аталган айылга жакын турган Үч-Чат жайлоосунда көлөмү 100 миң метр кубга жеткен жер көчкү түшүп, 14 жаштагы бала алдында калган. Учурда аны издөө иштери улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
28.04.2016. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кырсыктан Кудай сактасын!
Сактыкта кордук жок, туура кылышат.
28.04.2016. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ээ кудай нее деген кундор болуп атат Кантседаа аллах озу сактасын алакандай Кыргыз элимди жакшынаа жерге жайгашсын Сузак эли
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: