super.kg logo
  Саясат  

Бакыт Төрөбаев: "Айыл чарба техникасын ташып келүүдө лизинг келишимдери дыйкандарга тоскоолдук жаратууда"

 

Айыл чарба техникасын ташып келүүдө лизинг келишимдери дыйкандарга тоскоолдук жаратууда. Бул тууралуу 29-апрелде "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев билдирди.

"Дыйкандар билдирме бергиче, 2-3 айга чейин техниканы ала албай күтүп калып жатышат. Мурда ушул жактан эле кампадан алып кетишчү. Азыр өкмөт "лизинг келишимин күт" деп дыйкандардан талап кылып жатат. Анткени техниканы айыл чарба өндүрүүчүсү алып келбейт, аны дилер алып келет. Ал эми дыйкан болсо түз эле кампадан сатып алып кеткиси келет. Дилерлерге эч кандай тоскоолдуксуз техниканы алып кирүү мүмкүнчүлүгүн түзүп берип, ушул маселени чечиш керек", - деди фракция лидери Бакыт Төрөбаев.

Өкмөткө караштуу Бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Алтынбек Корутаевдин айтымында, ЕАЭБ мамлекеттери менен мурда бажылык кампа деген болчу. "Дыйкандар ошол жактан келишим түзүп, керектүү техниканы алып кетишчү. Учурда ташып келүүдөн мурда сөзсүз лизинг келишими деген болушу керек", - деди Корутаев.

Натыйжада фракция Бажы менен Салык кызматтарына, Экономика министрлигине жана Каржы министрлигине бул маселени айыл чарба техникасын ташыган дилерлер менен чечүүнү сунуштады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: