super.kg logo

Жаш фотограф Талгат Субаналиев Антарктидада тарткан сүрөттөрүн көргөзмөгө койду (фоторепортаж)

 
Антарктиданын жаратылыш кооздугу, табигый тазалыгы чагылдырылган.
Көргөзмөгө 28 эмгегин койду.
Жаш фотографтын тарткан сүрөттөрүнө эл жакшы баа берип жатты.
Талгат келген көрүүчүлөргө ар бир сүрөтүн тааныштырып жатты.
"Антарктидада моржду (түндүктө жашоочу муруттуу, азуулуу сүт эмүүчү деңиз жаныбары) сүрөткө тартуу аябай кыйын болду, анткени мага анын кыймылдаганы керек эле",- деди Талгат.

Бүгүн, 29-апрелде Бишкекте фотограф, Борбор Азиядагы Америка университетинин студенти Талгат Субаналиев Антарктидада тарткан сүрөттөрүнүн көргөзмөсүн өткөрдү. Иш-чарада Талгаттын 28 эмгеги көргөзүлүп, ар биринде Антарктиданын жаратылышынын кооздугу, табигый тазалыгы чагылдырылган.

"Бардык сүрөттөрүмдү көргөзмөгө чыгара албай койдум, анткени каражат жетпей, 28 гана сүрөттү элге тартууладым. Эмгектеримде күндүн батканы, чыкканы жана жаныбарлар көрсөтүлгөн. Антарктидада моржду (түндүктө жашоочу муруттуу, азуулуу сүт эмүүчү деңиз жаныбары) сүрөткө тартуу аябай кыйын болду. Мага анын кыймылдаганы керек болчу. Көп кишиге толгон кемеде кысылып, араӊ тартып жетиштим. Ал эми пингвиндер сүрөткө түшкөндү жакшы көрүшөт экен, бирок алардын жанына жолой алган жокпуз. Негизи эле жаратылыштын кооздугун сөз менен жеткире албайм. Аны фотосүрөт менен чагылдырууга аракет жасадым", - дейт Талгат Субаналиев.

Эскерте кетсек, Талгат "Photography trip to Antarctica: exploring the beauty of Antarctica's landscape" Эл аралык сынагынан башкы байгени утуп алып, ушул жылдын башында Антарктидага барып келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(9)
29.04.2016. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Иии мынча соонун суроттор, тиктеп отура бере турган экен. Телден эле ушунча, а живой корсон, жанынан кеткин келбей кала турган суроттор окшойт.
29.04.2016. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Азамат. Биринчи кыргыз сен болдун ал жерди баскан!
29.04.2016. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
3д кылып тартып койуптур го мен ойлопмун бир зынк фотоапарат менен тартып келген деп
29.04.2016. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун го сүрөттөр
29.04.2016. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мынакей онор, талант ушуну айт соонун го!
30.04.2016. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
MuslimNur95, ойлогонуңдай эле зынк фотоапаратта тарткан...Колунда тарта албайт го, ал жактын аба ырайысы суук
Isken.der түзөттү 2016-04-30 00:03:16
30.04.2016. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суротторунун баарын интернеттке жуктоп койсун . ушу жактан эле коруп алабыз.
30.04.2016. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ээ,эгерде чындап озу тарткан.болсо,азаматсын,онорун оркундой берсин,соз жок отто кооз чыгыптыр.
30.04.2016. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсын онорун оркундой берсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: