super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев "Ника" сыйлыгын алган "Сүтак" тасмасынын режиссёру Мирлан Абдыкалыковду кабыл алды

 

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 29- апрелде "Сүтак" көркөм фильминин режиссёру Мирлан Абдыкалыковду жана фильмдин продюсери, кинорежиссёр Садык Шер-Ниязды кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

Жолугушууда мамлекет башчы "Сүтак" көркөм фильминин авторлорун алардын картинасы көптөгөн эл аралык абройлуу сынактардын сыйлыктарына ээ болгондугу, ириде “Ника” Улуттук киносыйлыгы версиясы боюнча КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн мыкты фильми катары таанылышы менен куттуктады.

Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз элинин маданиятын, каада-салттарын жана улуттук өзгөчөлүктөрүн таасын чагылдырган мыкты картинаны жараткандыгы үчүн фильмдин Мирлан Абдыкалыков башында турган чыгармачыл тобуна ыраазычылык билдирди. "Силер улуу тоолор арасында көчүп-конуп жашаган кыргыз үй-бүлөсүнүн татаал тагдырын жана турмуш-тиричилигин, алардын каарман эмгегин, жаратылышка болгон сүйүүсүн жана аяр мамилесин, биздин бай каада-салттарыбызды жакшы көрсөтө алгансыңар", - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчы Мирлан Абдыкалыковго кол саат тапшырып, ага мындан аркы чыгармачылык ийгиликтерди каалады.

Кошумчалай кетсек, тасма 1-апрелде "Ника" киносыйлыгын алган. Кыргыз киносу "КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн мыкты тасмасы" категориясы боюнча жеңишти камсыздаган. Сыйлык кино жаратуучулардын колуна 7-апрелде тапшырылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: