ЖЫЛНААМА, 30-АПРЕЛЬ: Орусиялык ырчы Филипп Киркоров 49 жашка толду
Мындан 49 жыл мурун, 1967-жылы советтик жана орусиялык ырчы, актёр, композитор, продюсер, Орусиянын Эмгек сиңирген жана Эл артисти, Украинанын, Чеченстандын, Ингушетиянын Эл артисти Филипп Киркоров Болгариянын Варна шаарында теги армян болгон болгар ырчысы Бедрос Киркоровдун үй-бүлөсүндө туулган. Музыкалык окуу жайды 21 жашында артыкчылык менен бүтүргөн, бирок чыгармачылык жолун андан 3 жыл мурун эле баштаган. 1985-жылы болгар тилиндеги “Алёша” деген ыры менен биринчи жолу көгүлтүр экранга чыккан. Ошондон кийин чыгармачылык чыйыры башталып, 1987-жылы акын Илья Резник менен таанышат да, Илья Резник жаш ырчыга чоң жардам көрсөткөн биринчи адам болуп калган.
1988-жылы Илья Резниктин кечесинде Филипп Алла Пугачёва менен жолугушуп, ошондон тарта Алла Пугачёва менен биргеликте иштей баштаган. Ал эми 1994-жылы Киркоров орус эстрадасынын примадоннасы Алла Пугачёвага үйлөнүп, 15-март күнү нике күбөлүгүн алышкан. Салтанат Санкт-Петербург шаарында өтүп, никеге катталууну ошол кездеги шаардын мэри Анатолий Собчак өзү көзөмөлдөгөн. Экөө он жылдан ашык чогуу өмүр сүрүп, 2005-жылы ажырашышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
abusait

30.04.2016. 14:43
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ар дайым боенуп журот. Соз жок..!
daniel_kadyrov

30.04.2016. 18:29
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
С днюхой! Дядя Филипп ))
A3A

01.05.2016. 14:43
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмиби?
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.