super.kg logo
  Саясат  

Президент Алмазбек Атамбаев Ислам кызматташтык уюмунун башкы катчысы менен жолукту

 

Бүгүн, 2-майда президент Алмазбек Атамбаев өлкөгө расмий иш сапар менен келген Ислам кызматташтык уюмунун башкы катчысы Ияд бин Амин Мадани менен жолукту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Ислам кызматташтык уюмунун алкагында өз ара аракеттенүү маселелери, региондук коопсуздукту камсыз кылуу жана азыркы коркунучтарга каршы мындан аркы чогуу аракеттенүүнүн маанилүү багыттары талкууланды.

"Мамлекет башчы Кыргыз Республикасы Ислам кызматташтык уюму менен өз ара аракеттенүү ишине зор маани берерин жана мусулман өлкөлөрү арасында тилектештикке, биримдикке жана өз ара пайдалуу кызматташтыкка багытталган милдеттер менен максаттарды колдоорун белгиледи.

Ияд бин Амин Мадани бардык катышуучу өлкөлөрдүн өз ара аракетинин орчундуу багыттары боюнча диалог жана бардык жактын таламдарын эске алуу уюмдун негизги милдети болуп саналарын белгиледи. Анын айтымында, Ислам кызматташтык уюму Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргыз Республикасы менен кызматташтыкты жандандырууга маани берет жана чоң үмүт артат", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: