super.kg logo
  Саясат  

Орусияда парламенттин жыйындарына катышпаган депутаттар мандаттан айрылышат

 

Орусиянын президенти Владимир Путин Мамлекеттик Думанын жыйындарына катышпаган депутаттарды мандаттан ажыратуу боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзамга ылайык, эгер депутат 30 күндөн ашык мөөнөттүн ичинде өзүнүн милдеттерин аткарбаса, ал мандатынан ажыратылышы мүмкүн. "Депутатты отставкага кетирүүнү фракция же комитет демилгелөөгө укуктуу. Мандаттан ажыратуу үчүн негиздерди парламенттин этика боюнча комиссиясы аныктайт", - деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, учурда Жогорку Кеңеште ушул сыяктуу мыйзам долбоору демилгеленүүдө. Ага ылайык, бир айдын ичинде 3 парламенттик жыйынга катышпаган депутаттарга салынчу айып пулдун көлөмү 5 эсе жогорулашы мүмкүн. Демилгечилердин айтымдарында, азыркы мыйзамга ылайык, сессияларга себепсиз келбей койгон депутаттын айлыгынын 10 пайызы кармалат. "Биз кармалчу сумманы 50 пайызга чейин көтөрүүнү сунуштап жатабыз", - дешкен демилгечилер.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: