super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: "Кыргыз Республикасынын Конституциясы элибиздин рухуна шайкеш келүүгө тийиш"

 

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 5-майда өлкө жарандарын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнү менен куттуктады. Куттуктоодо булар айтылат:

"Кымбаттуу мекендештер!

Көз карандысыз Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынгандан бери 23 жыл өттү. Бул жылдары өлкөбүздүн негизги мыйзамынын үстүнөн бир катар акылга сыйбаган эксперименттер жүргүзүлүп, эки үй-бүлөлүк-кландык режимдин жеке кызыкчылыктарына ылайыкталып оңдолуп-түздөлүүгө дуушар болду.

2010-жылдын 27-июнунда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясы өлкөнү оң өзгөрүүлөргө карай бурду. Чукулунан кабыл алынгандыктан, айрым кемчиликтери болгонуна карабай бул негизги мыйзам өлкөбүздүн кайра жаралуусуна жана укуктук демократиялык мамлекетти курууга башат болуп берди.

Бүгүн Кыргыз Республикасы өзүнүн өнүгүү жолун таап, иш жүзүндө эркин жарандардын өлкөсүнө айланууда. Биздин өнүгүү моделибиз кыргыз элинин эркин мүнөзүнө, улуттук намысына жана адилетсиздикке моюн сунбаган бекем рухуна таянат. Күчтүү экономикасы бар жана жашоо-турмушу бакубат, нукура көз карандысыз мамлекетти курууга болгон элибиздин эркине таянат.

Кыргыз Республикасынын Конституциясы элибиздин рухуна шайкеш келип, өнүгүү жолуна жарык чачкан шам болууга тийиш. Турмуш баарын орду-ордуна коюп жатат: мыйзамдардагы биздин кулк-мүнөзүбүзгө жат жана жасалма таңууланган нерселер өзүнөн өзү жокко чыгып, тескерисинче, мыйзамдарыбыз мамлекетибиздин кызыкчылыктарына төп келген эрежелер жана жоболор менен толукталууда. Бир гана эл мыйзамдарыбызды өнүгүүгө өбөлгө болгудай, адамдарыбыздын үмүт-тилектерине шайкеш кылып жасай алат.

Урматтуу мекендештер!

Өлкө тагдыры үчүн ар бирибиз жоопкербиз. Баарыбыз тең мыйзам боюнча, ыйман жана абийир менен жашоого милдеттүүбүз. Күн сайын ак эмгегибиз менен балдарыбыздын жаркын келечегине, өлкөбүздүн жаркын келечегине жол чабалы!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен куттуктайм!

Баарыңыздарга бакыт-таалай, ден соолук жана бакубатчылык каалайм!"






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: