Нурсултан Назарбаев Казакстандын айыл чарба жерлерин чет элдиктерге ижарага берүүгө тыюу салуу тууралуу буйрук чыгарды
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев "Жер мыйзамдарынын айрым нормаларын колдонууга карата мораторий киргизүү тууралуу" буйрук чыгарды. 2016-жылдын 31-декабрына чейин иштей турган мораторийге ылайык, чет элдик жарандар, жарандыгы жоктор, чет элдик юридикалык жактар, уставдык капиталында чет элдиктердин үлүшү бар юридикалык жактар Казакстандын аймагынан айыл чарба багытындагы жерлерди ижарага ала алышпайт.
Эскерте кетсек, быйыл 24-апрелде айыл чарба жерлерин чет элдиктерге 25 жылга ижарага берүүгө каршы Казакстандын бир катар аймактарында митингдер өткөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
2

