Мурдагы "Ак жол" фракциясынын лидери Улугбек Ормонов Жогорку Кеңештин жаңы депутаты болуп бекитилди

Жогорку Кеңештин IV чакырылышындагы "Ак жол" фракциясынын лидери Улугбек Ормонов Жогорку Кеңештин жаңы депутаты болуп бекитилди. Мындай чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында кабыл алынганын 6-майда аталган мекемеден кабарлашты. БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимов Ормоновго депутаттык мандат тапшырды. Ал 11-майда парламентте ант берип, өз ишин аткарууга киришет.
Ормонов "Бир бол" партиясынын БШКга берген тизмеси боюнча Лунара Мамытованын ордуна депутат болуп келди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
-1

