super.kg logo
  Саясат  

Өзбекстандын президенти Ислам Каримов президент Алмазбек Атамбаевди жана кыргыз элин Улуу Жеңиш күнү менен куттуктады

 

Өзбекстандын президенти Ислам Каримов президент Алмазбек Атамбаевди жана кыргыз элин Улуу Жеңиш күнү менен куттуктады.

Элдерибиздин тарыхындагы бул даңктуу майрамды белгилеп жатып, кан майданда кайталангыс каармандыгы жана эрдиги менен өз өмүрүн курмандыкка чалып, келечек муундар үчүн тынчтыкты жана эркиндикти, ооруктагы кажыбас эмгеги менен жалпы жеңишибизди камсыз кылгандардын элеси алдында башыбызды ийип, терең таазим этебиз. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Шаршенович, сизге чың ден соолук жана бардык жакшылыктарды, ал эми кыргыз өлкөсүнүн элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалайм”, - деп белгиленет Ислам Каримовдун куттуктоо катында. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: