super.kg logo

МЕДИА-ПОРТАЛ: "Кыялымдагы жомок" клибинде кыздардын кыялдарын көрсөткөнгө аракет кылдык" дейт ырчы Элиза Орозова

 

"Медиа-портал" бөлүмүндө кыздын кыялындагы мырза тууралуу тартылган Элиза Орозованын "Кыялымдагы жомок" ырынын клиби бар. Аны клипмейкер Мелис Маматкулов тарткан. Ырчы клип тууралуу буларга токтолду:

"Клиптин идеясы Мелис Маматкуловго таандык. Ал "жомоктогудай жер бар, ошол жерден тарталы" деп сунуштап, мен ырдаган кадрларды Орто-Токой суу сактагычы көрүнгөн жерден тартып келгенбиз. Калгандары шаардан тартылган. Клипте кыздын кыялындагы мырза тууралуу баяндалат. Залга кирип келген жигитти көрөр замат кыз аны менен кыз-жигит болуп чогуу жүргөнүн, романтикалуу күндөрдү өткөргөнүн, мунун баары чыныгы жашоодо болуп жаткандай элестетип жиберет. Бирок өзүнө келгенде кыялы болуп калат. Тагыраагы, клипте кыздардын кыялдануусун көрсөттүк. Жакшы команда менен иштегендиктен, кыйынчылыктар деле билинген жок".

Элиза Орозованын "Кыялымдагы жомок" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: