super.kg logo
  Саясат  

Депутат 23-Февраль, 5-Май жана 7-Ноябрь майрам күндөрүн жоюп, эки жаңы майрамды сунуштап жатат

 

Кыргыз Республикасында Конституция күнү, Ата Мекенди коргоочулар күнү жана Улуу Октябрь революциясы күнү майрам эмес күндөрү катары саналып башташы мүмкүн. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутаты Дастан Бекешев демилгеледи.

"Эмгек кодексинде ылайык, өлкөдө 13 күн майрам күндөрү катары саналат. Айрым майрамдар өзүнүн маанилүүлүгүн жоготуп алган. Айрыкча Ата Мекенди коргоочулар күнү (23-Февраль). Бул күн өлкөбүздө эркектердин күнү катары белгиленип калды. Мындан тышкары Конституция күнү (5-Май). Баш мыйзам бир канча жолу өзгөртүлгөнүнө байланыштуу жарандар 5-майды майрам катары эсептешпейт. Дагы бир майрам - Улуу Октябрь революциясынын күнү (7-Ноябрь). Бул күн Советтер Союзуна кирген өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасында гана майрам катары саналат, бирок үй-бүлөлөрдө белгиленбейт, жаштар бул датанын өлкөбүз үчүн тарыхый баасын билишпейт", - деп түшүндүрдү депутат.

Мындан тышкары мыйзам долбоору аркылуу үй-бүлөнү бекемдөөгө багытталган эки жаңы майрам сунушталууда. "Биринчиси - Эне күнү. Бул майрам май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленмекчи. Экинчиси - 1-Июнь - Балдарды коргоо күнү. Жаңы үй-бүлөлүк майрамдарды белгилөө укук коргоо тармагындагы жакшы жыйынтыктарга алып келет", - дейт депутат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: