super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин аппаратынын 66 жаштагы башчысы Радбек Ешмамбетов кызматтан кетүү боюнча арыз жазды

 

Жогорку Кеңештин аппарат башчысы Радбек Ешмамбетов кызматтан кетүү боюнча арыз жазды. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жыйынында комитеттин төрайымы Галина Скрипкина билдирди.

Анын айтымында, Ешмамбетовдун арызы төрага Чыныбай Турсунбековго жөнөтүлгөн. Комитеттин мүчөлөрү Жогорку Кеңештин аппарат башчысын кызматтан бошотууга макулдук беришти. Эртең палатада бул маселе каралмакчы.

Айта кетсек, Ешмамбетов Радбек Бакиевич 1949-жылдын 29-августунда Ош облусунда туулган. 1990-1995-жылдары XII чакырылыштагы Кыргыз ССР Жогорку Советинин (легендарлуу парламенттин) депутаты болгон. Ал эми 2011-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын жетекчиси кызматында эмгектенип келет.

Радбек Ешмамбетов - Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген куруучусу, Кыргыз Республикасынын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: