super.kg logo
  Саясат  

КҮНСЕРЕП: Нариман Түлеев бошотулду, "Элдик парламенттин" миссиясы соңуна чыкты

 

Бүгүн, 11-май. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевдин түрмөдөн эрте бошотулганы коомчулукта кайчы пикирлерди жаратууда.

2013-жылдын 29-июлунда Ленин райондук соту экс-мэр Нариман Түлеевди мүлкүн конфискациялоо менен 11 жылга эркинен ажыраткан эле. 2014-жылдын 23-декабрында шаардык сот, 2015-жылдын 30-ноябрында Жогорку Сот ал чечимди күчүндө калтырган. Бирок соттолгонуна 2 жыл 10 ай гана болгонуна карабастан, Нариман Түлеев 7-май күнү кечинде күтүүсүз жерден абактан бошотулду. Окуянын чагылгандай тездик менен өнүгүшүнүн себеби эмнеде? Табышмактын сыры жакында гана пайда боло калган “Элдик парламент” бирикмесине барып такалат.

Эсиңиздерде болсо, 7-май күнү “Элдик парламент” маалымат тараткан эле. Маалыматта бирикменин өкүлдөрү 50 миң кишинин катышуусунда чоң жыйын өткөрүп, президент Алмазбек Атамбаевден эл алдында отчёт алышарын, андан ары отставкага кетүүсүн талап кылышарын билдиришкен.

Мурунку чиновниктерден куралган “Элдик парламент” Кыргыз Республикасынын маалымат талаасында алгач пайда болгондо көпчүлүк анчалык маани берген жок. Алар 26-апрелде Бишкекте митинг өткөрүшөрүн жарыялашкан. Андан соң 28-апрелге, кийин 12-майга жылдырышты. Акырында “митинг 17-майда өтөт” дешти. ЖМКларга берген маегинде пландалган жыйындын эмнеликтен артка жылдырылып жатканын Бекболот Талгарбеков “Биздин Орусиядагы патриот досторубуз ойлонуп көрүп, өз эрки менен отставкага кетүүгө Атамбаевге убакыт берүүнү сунушташты...” деп түшүндүргөн.

Бирикменин активдүү өкүлү Бекболот Талгарбеков "Заноза" сайтына берген маегинде аларды Орусия Федерациясынын жогорку бийлик структураларында иштеп жаткан бир нече генерал колдоорун айтып, алардын бири катары Бахтияр Алиевдин ысымын атаган. Маалыматтарга караганда, генерал-лейтенант даражасы бар Бахтияр Алиев учурда Орусиянын чалгындоо кызматында эмгектенет.

Бул ысым 2010-жылы Апрель революциясынан кийин кыргыз коомчулугуна белгилүү болгон эле. Ал жылы “Путин кыргыз өлкөсүнүн президенттигине талапкер катары чекист Бахтияр Алиевди таптап жатыптыр” деген кеп жайылган. Көп өтпөй табышмактуу Бахтияр Алиев бир нече маалымат булактары аркылуу кыргыз коомчулугуна кайрылуу жолдоп, Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевди мамлекетти жетектөөгө татыктуу инсан катары көрөрүн баса белгилеген.

Дал ушул Бахтияр Алиевди “Элдик парламенттин” өкүлү Бекболот Талгарбеков Орусия тараптан бирикменин колдоочусу катары көрсөтүп жатат. Дагы бир көңүл буруучу нерсе, “Элдик парламенттин” өкүлдөрү өздөрүнүн колдоочулары катары Орусия төбөлдөрүнүн ысымдарын, жадакалса Путиндин ысымын атап жаткандарына карабастан, Орусия тараптан ушул күнгө чейин төгүндөө же ал сөздөргө карата билдирүү жасалган жок. Демейде анчалык олуттуу эмес аракеттери же сөздөрү үчүн тизгиндеп койчу бийлик бул жолкусунда андайга даабай жатканы да “Элдик парламенттин” артында олуттуу колдоочу бар окшойт деген күдүктүү ойго жетелейт.

Окуянын акыркы күндөрдөгү өнүгүшү “Элдик парламенттин” жалгыз максаты Нариман Түлеевди бошотуу гана болгонун көрсөтөт. Түлеев боштондукка чыкты, демек, "Элдик парламент" өз миссиясын аткарып бүттү…

Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кеткен, эми катардагы депутат Асылбек Жээнбековго Ак үйдүн 3 бөлмөсү бириктирилип жаңы иш бөлмө даярдалды. Жээнбековго башында 4 кабинет бошотулуп: иш бөлмөсү, конокторду кабыл алуучу бөлмө, эс алуучу бөлмө жана өзүнчө даараткана даярдалып жатканы тууралуу маалымат тараган эле. Парламенттин маалымат кызматы муну жалганга чыгарууда.

Адатта депутаттардын кабинети бир гана бөлмөдөн турат, эки депутаттын кабылдамалары бир бөлмөдө жайгашкандары да бар. Жогорку Кеңештин мурунку "кожоюну" жөнөкөй депутаттык бөлмөгө ыраазы болбогон өңдөнөт. Кабылдамасын кошкондо катардагы депутат Жээнбеков бүгүн 3 бөлмөнүн ордун ээлеп отурат. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулу кечээ SUPER.KG`нин кабарчысына Жээнбековдун иш бөлмөсүн көрсөтүп чыгарын убадалап, бирок анын коноктордон бошобой жатканын айтып, акыры көрсөтө албасын билдирди.

Жээнбеков үчүн бошотулган 321, 322 жана 323-кабинеттерде мурун Жогорку Кеңештин аппаратынын мамлекеттик кызмат жана кадр иштери боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери иштеп келишкен. Алар имараттын биринчи кабатына - парламенттин Иш башкармалыгынын башчысынын иш бөлмөсүнө, Иш башкармалыктын жетекчиси болсо өзүнүн орун басарынын 1-кабаттагы кабинетине, ал эми орун басары Жогорку Кеңештин гаражына көчүрүлүптүр. Гаражга көчүрүлгөн Нурбек Кадыровдун 3-кабаттагы мурунку кабинетинде, тагыраагы, Жээнбековго берилген 3 бөлмөгө жанаша жайгашкан 324-бөлмөдө азыркы учурда оңдоо иштери жүрүп жатат. Бөлмөнүн кимге жасалып жатканын, сөз болуп жаткандай Жээнбековго дааратканабы же башка нерсе болобу, жакынкы күндөрү белгилүү болот.

Жээнбеков буга чейин парламент төрагасы катары бир топ артыкчылыктарга ээ болчу. Брондолгон автоунаа, мамлекеттик күзөт, мамлекеттик резиденциядан үй... Өткөн айда бир тууганы Сооронбай Жээнбеков премьер-министрликке дайындалганда спикерликти тапшырып берип, катардагы депутатка айлангандан кийин кадимки депутаттык бөлмөгө ыраазы болбой, атайын кабинет жасаткан жоругу катуу сынга кабылды. Мыйзам боюнча депутаттардын баары бирдей статуска ээ. Жээнбеков деле башкалар сыяктуу берилген 1 бөлмөдө унчукпай иштөөгө милдеттүү. Өзүнө шарт түзгүсү келген ар бир депутатка эле Ак үйдүн дубалдарын талкалатып, кеңейтип берип отурсак, 120сына элдин акчасы менен Ак үй түтөбү?


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: