super.kg logo

Бишкекте Энелердин күнүнө арналган "Эне - ааламдын руху" аттуу сүрөт көргөзмөсү болот

 

Бишкекте Энелердин күнүнө арналган "Эне - ааламдын руху" аттуу сүрөт көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Көргөзмөнүн ачылышы Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинде 12-майга пландалган. Иш-чара Кыргызстан Аялдар конгресси жана Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен биргеликте Тарых жана маданият жылын уюштуруу жана өткөрүү иштеринин алкагында уюштурулууда.

Көргөзмөдө республикага эмгеги сиңген атактуу чыгармачыл адамдар, живопись, графика, скульптура, кол өнөрчүлүк боюнча эмгектенген жаш муундун өкүлдөрү, жогорку окуу жайларынын студенттери эне менен баланын ортосундагы сүйүү сезими, аруулук чагылдырылган өздөрүнүн чыгармаларын көрсөтө алышат.

Көргөзмөгө кирүү акысыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: