Камила Талиева Кореядагы кыргыз мигранттарынын көйгөйүн аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчисине айтты
Быйыл Бишкек шаарындагы Улуттук китепканада Корея борборун, ал эми Мамлекеттик тарых музейинде Корея галереясын ачуу пландалууда. Бул тууралуу 29-мартта вице-премьер-министр Камила Талиева менен Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ким Чанг Гю менен жолугушуусунда белгилүү болду. Жолугушууда Кореядагы кыргыз мигранттарынын маселелери тууралуу да сөз болду. Вице-премьер-министр эки өлкөнүн жарандарынын ортосундагы никелердин бузулушунун саны Кореяда көбөйүп жатканын белгилеп, буга байланыштуу дипломатиялык жолдор менен тиешелүү кеңештерди берип, аларга үй-бүлөлүк маселелер боюнча укуктук жардам көрсөтүү тууралуу келишим түзүү керектигин билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:51
2025-07-07

17:54
2025-07-07

16:28
2025-07-04
Рейтинг:
0

