super.kg logo
  Саясат  

Нарымбаев-Коркмазов окуясында аты аталган судья Канатбек Турганбеков отставкага кетүүгө арыз жазды

 

Жогорку Соттун судьясы жана Соттор кеңешинин төрагасы Канатбек Турганбеков отставкага кетүүгө арыз жазды. Маалыматты укук коргоо тармагындагы жеке булактар тастыкташты. Айтылгандарга таянсак, Соттор кеңеши анын отставкасын кабыл алды.

Белгилей кетсек, судья Канатбек Турганбековдун ысымы Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Хажимурат Коркмазов менен президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаевге козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган. 2015-жылы Турганбеков сотто көрсөтмө берүүдө буларды айткан:

"2015-жылдын май айынын башында Жогорку Соттун башчысынын орун басары кызматында иштеп турганымда мага Данияр Нарымбаев телефон чалып, Назгүл Түлееваны кабыл алууну суранган. Кийинки күнү эртең менен Түлеева телефон чалып, биз жолукканбыз. Түлеева туугандарынын мүлкүн камактан чыгаруу маселесин чечип берүүнү суранганда "Эгер мүлктү камактан чыгарсак, эл эмне деп ойлойт?" деп жооп бергем. Жолугушуубуз 2-3 мүнөткө созулган".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: