ЖЫЛНААМА, 11-МАЙ: Испаниялык футболчу, 2 жолку Европа чемпиону жана Дүйнө чемпиону Андрес Иньеста 32 жашка толду

“Барселона” футболдук клубунун жана Испания курамасынын жарым коргоочусу Андрес Иньеста бүгүн, 11-майда 32 жашка толду. Футболчу 1984-жылы Испаниянын Альбасете провинциясында туулган.
Испаниянын эң көп чемпиондукту камыздаган футболчуларынын бири. Ал 2008, 2012-жылдары Испаниянын курамында Европа чемпиону, 2010-жылы Дүйнө чемпиону аталган. “Барселонанын” курамында УЕФАнын ЧЛсын 4 ирет (2006, 2009, 2011, 2015), Испаниянын чемпиондугун 7 ирет (2005, 2006, 2009, 2010, 2011, 2013, 2015) жеңген.
“Барселона” үчүн 590 оюнда 54 гол киргизген. Испания курамасы үчүн 106 оюнда 13 гол киргизген.
2012-жылы Андрес Иньеста УЕФАнын версиясы боюнча "Европанын мыкты футболчусу" деп табылган. Бул наам үчүн күрөштө Иньеста мүмкүн болгон 54 добуштун 19ун алып, аргентиналык Лионель Месси (17 добуш) менен португалиялык Криштиану Роналдуну (17) артка таштаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:40
2025-07-06
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
eldar.

11.05.2016. 14:53
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Реалдын куйорманы болсом дагы, бул футболчуну ото терен урматтайм. Мен билгенден футболдо эле таланттуу болбой, жеке адамдык касиет жагынан дагы ото таланттуу.
Бектурган

11.05.2016. 17:56
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Уникалдуу, жана керемет пастары менен белгилуу болгон Иньеста, омурун берекелуу болсун. Сен БАРСА, жана Испания футболунун Легендасысын...
ATLETICO

12.05.2016. 00:35
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Иньеста чын эле Испания футболунун чыныгы жузу. Чыныгы коргоочу. Денюхан кут болсун Андрес брат.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.