super.kg logo
  Саясат  

"Нариман Түлеевдин түрмөдөн бошотулганы коомчулукта ар кандай ойлорду жаратууда" дейт депутат

 

Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевдин түрмөдөн эрте бошотулганы коомчулукта кайчы пикирлерди жаратууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко билдирди.

Анын айтымында, Н.Түлеевдин мунапыс аркылуу бошотулгандыгында мыйзам бузуу фактылары болгон-болбогону белгисиз. "Негизи, чоң чиновниктер чоң жаңжалдар менен камалып, кийин мунапыс аркылуу бошотулганда, коомчулукта көптөгөн суроолор жаралат. Мындай чиновниктер мыйзамдын негизинде бошотулган болсо да, бул маселенин моралдык жагы болот", - деди Никитенко.

Эскерте кетсек, 7-майда Бишкек шаарынын мурунку мэри, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Нариман Түлеев 4 жылдан кийин эркиндикке чыккан.

Түлеев 2013-жылы коррупциялык иштер боюнча айыпталып, 11 жылга эркинен ажыратылган. Мындай чечимди Бишкектин Ленин райондук соту чыгарган.

Экс-мэрдин үй-мүлкү конфискацияланып, өзү күчөтүлгөн тартипте жаза мөөнөтүн өтөмөй болгон. Ошондой эле Түлеев 3 жыл мамлекеттик кызматтарда иштөө мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылган. Ал "2008-жылы мэр болуп турганда Кытайдан автобустарды алып келүү иштеринде мамлекетке ири көлөмдө зыян келтирген” деп айыпталып, 2012-жылдын октябрь айында камакка алынган. Ленин райондук сотунун чечимин жокко чыгаруу үчүн Нариман Түлеев шаардык сотко кайрылган, бирок 2014-жылы 23-декабрда шаардык сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырып, өзгөртүү киргизген эмес. Ал эми 2015-жылы 21-январда Жогорку Кеңештеги "Ата Журт" фракциясынын депутаты Нариман Түлеев мөөнөтүнөн мурда мандатынан ажыратылган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: