super.kg logo

КИНОЗАЛ: "Талак" тасмасында бийчи Назик Исраилова куудул Санжар Бердибековдон көп таяк жегенин айткан

 
"Кинозал" бөлүмүндө үй-бүлөдөгү түгөйлөрдү ынтымакка, "талак" сөзүнө олуттуу мамиле жасоого чакырган комедиялык жанрдагы "Талак" тасмасы бар. Тасма 2009-жылы тартылган, режиссёру - Рысбек Жабиров. Анда Санжар Бердибеков, Назик Исраилова, Максат Тасмаев өңдүү өнөр ээлери роль жаратышкан. Тасма терең маанилүү, пайдалуу турмуштук сабак, ойлор, күлкүлүү окуялар менен коштолот.

Тасмада башкы каармандардын биринин ролун аткарган Назик Исраилова: "Мага бул киного тартылууга капыстан сунуш түштү. Ырысбек байке сценарийди бергенде гана ишенип, ролго даярдана баштадым. Баарынан да мага күйөөсүнөн таяк жеген эпизодго тартылуу кыйын болду. Эсептесем, жаакка туура 16 жолу жеген экенмин. “Күйөөсү сабаган аял ушинтип мелтейип туруп алмак беле? Кичине коркуп койсоң болбойбу?!” деп айтышса деле мисирейип Санжарды карайм. Акыры Санжар да жини келди окшойт, жаакка катуу чаап жиберди. Эртең менен баштаган бул эпизодду кечке чейин тарттык. Кийинки эпизоддо аябай ыйлашым керек эле. Мен буулугуп ыйлап, өзүмдү токтото албай калсам болобу! Анан тартылып бүтүп, көзүмдүн жашын аарчып араң өзүмө келсем, Ырысбек байке “Назик, баары жайындабы?” дейт. Баары жайында экенин айтсам, “анда дагы бир аз ыйлап кой” деп ал мени кайра жаакка чаап жиберип жатпайбы. Көрсө, мени “өзүн таштап жибербесин” деп ошенткен экен", - деп берген маектеринде билдирген эле.

Азыркы учурдагы кыргыз турмушу. Эки кошунанын бири турмушуна тың, учурдун талабын түшүнгөн адам. Экинчиси болсо арак ичет, аялын ар дайым сабап, күн көрсөтпөйт. Күндөрдүн биринде башкы каарман Мамат ичип келип, аялы Кенже менен чатакташып кетет да, ачуусу менен талак айтып салат. Муну угуп турган кошунасынын аялы бир түндө айылга жайып жиберет...

"Талак" тасмасын бул жерден көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
11.05.2016. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ошон учун актриса дейт да
13.05.2016. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн сонун жептирда ээ
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: