super.kg logo

Москвада киши колдуу болуп каза болгон 24 жаштагы кыргыз жаранынын сөөгү мекенине алынып келинди

 

Москвада 2-майда киши колдуу болуп көз жумган 24 жаштагы Актан Касымов аттуу кыргыз жаранынын сөөгү мекенине алынып келинди. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда SUPER.KG порталына Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, маркум Актан Касымовдун сөөгү кечээ, 11-май күнү кечинде кыргыз жерине бир туугандарынын коштоосунда алынып келинди. Бул факт боюнча учурда Москва шаарынын Рязань райондук тергөө бөлүмүндө иликтөө иштери жүрүп жатканы маалым. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгынан кийин кылмыш ишин козгоо маселеси карала тургандыгы тууралуу айтылган.

Айта кетсек, маркумдун эжеси буга чейин социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Москва шаарындагы эс алуучу жайлардын биринен тууганын белгисиз адамдар сабап өлтүрүп коюшканын билдирип, анын сөөгүн мекенине жеткирүүгө жардам сурап кайрылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
12.05.2016. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким болмок эле , такыр баштар олтурот да. Буга откондогу метро окуясы далил . Ошондой жаман жерлерге барбай эле койгулачы.. .
abusait түзөттү 2016-05-12 10:27:32
12.05.2016. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
abusait,метро окуясынын буга тиешеси жок! Оздору досу экоо клубда иштеген балдар менен уруша кеткен экен.
12.05.2016. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AIZAD,метродо эмне болду эле?
12.05.2016. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакындарына Жараткан сабыр берсин...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: