КҮНСЕРЕП: Маанисин жоготкон майрамдардан арылууга убакыт келди
Бүгүн, 12-май. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев "тарыхый маанисин жоготту" деген жүйө менен өлкөдө 3 майрамды жоюуну сунуштап жатат. Алар: 23-Февраль - Ата Мекенди коргоочулардын күнү, 5-Май - Кыргыз Республикасынын биринчи Конституциясы кабыл алынган күн жана 7-Ноябрь - Улуу Октябрь революциясынын күнү. Депутат булардын ордуна кызыл дата катары Энелер күнүн (май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленет) жана 1-Июнь - Балдарды коргоо күнүн киргизүүнү сунуштады.
Мамлекеттик расмий ар бир майрамдын идеологиялык жактан максаты жана мааниси болушу зарыл. Бүгүнкү күндө 7-Ноябрь - Октябрь революциясынын күнү менен биз кайсы жаштарды тарбиялайбыз? 23-Февраль же 5-Май мененчи? 1993-жылдын 5-майында эгемендүү Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамы кабыл алынган. Бул тарыхый дата. Андан бери бул Конституция 7 ирет ар кандай өзгөрүүлөргө туш болду. Акыры 2010-жылдын 27-июнунда, жалпы элдик референдумда буга чейин кетирилген кемчилик, катачылыктарды эске алуу менен жаңы Баш мыйзам кабыл алынды. Бул Баш мыйзам өзүнүн тарыхый миссиясын аткарып жатат. Өзүнүн маанилүүлүгүн далилдеди. Демек, Конституция күнү катары 27-июнду кызыл дата менен белгилесек максаттуу болмок. 7-Ноябрь - Улуу Октябрь революциясынын күнү да тарыхтагы дата. Бул майрамды мурунку советтик өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасы гана азыркыга чейин белгилейт. Ал тургай Орусияда 7-Ноябрь 2004-жылдан бери майрамдалбай калган, Украинада 2010-жылга чейин эле жоюлган. Бул күнгө караганда учурдагы көз карандысыз Кыргыз Республикасы үчүн 7-апрелдин мааниси бийик. Президент Алмазбек Атамбаев: "Бара-бара 7-Апрель кыргыз эли үчүн салтанаттуу, ыйык майрамдардын бири болот", - дейт. Кыргыз эли эркиндик, адилеттүүлүк жана демократияга умтулуу жолунда бир топ катаал жолду басып өттү. 7-апрелге чейин биз 2002-жылдын 17-мартындагы, 2005-жылдын 24-мартындагы окуяларды баштан кечирдик. Ал күндөрдү унутпашыбыз зарыл.
Учурда өлкөбүз жыл ичинде 13 майрамды дем алуу менен катар белгилейт. Алардын максат-маанисин карап чыгууга убакыт келип жетти. Депутат Дастан Бекешев көтөрүп чыккан демилгенин жөнү бар.
Якутиялык балбан, мамлекетибиздин атынан күрөшүп келген Айаал Лазарев Бразилияда өтүүчү Олимпиадага катышмай болду. Эркин күрөш боюнча 125 килограмм салмакта күрөшкөн спортчуга жолдомо кокусунан тийди: 11-майда Бириккен күрөш дүйнөсү уюму 7 спортчунун быйыл Бразилияда өтүүчү Олимпиада оюндарына жолдомолорун жокко чыгарып (допинг колдонууга байланыштуу), аларды башка спортчуларга берди. Допинг чырына байланыштуу Олимпиада оюндарына катышуу укугунан ажыраган жети спортчунун бири - кыргыз балбаны Жанарбек Кенжеев. Аталган уюм Кенжеевдин мельдоний каражатын колдонгон деп жарыялап, анын жолдомосу индиялык Равондер Хатриге берилгенин маалымдады. Кенжеев болсо Олимпиада оюндарына барарын ишенимдүү түрдө айтып жатат. Допинг окуясы чындыкпы же атайын жасалган бут тосуубу? Кантсе да "медаль алат" деп ишеним артылып жаткан балбаныбыздын Олимпиадага катышуу укугунан ажырап калганы Кыргыз Республикасы үчүн жагымсыз окуя болду.
2012-жылы Лондондо өткөн Олимпиада оюндарына мамлекетибиздин атынан жалпы 14 спортчу катышкан. Мунун 11и жолдомо утуп алышса, калган үчөөсү берилген жеңилдиктин эсебинен катышкан. Быйыл жолдомо менен 12 спортчу барары белгилүү болсо, жеңилдик менен дагы 4 жолдомо берилиши мүмкүн экени айтылып жатат.
Туристтик сезон башталганына карабай Кыргыз Республикасы конок күтүүгө даяр эмес. Эл аралык "Манас" аэропортунан Бишкекти көздөй келген жол, Ысык-Көлдү көздөй алып баруучу жол казылып, чачылган абалда турат. 7-майда Ысык-Көлдө туристтик сезондун расмий ачылышы өттү. Премьер-министр менен транспорт жана коммуникациялар министрин кызматтан шыпырып түшкөн тендер чуусунан кийин токтогон Балыкчы-Корумду трассасынын курулушу жанданганын бүгүн парламент жыйынында өкмөттүн өкүлү Ашырбек Темирбаев билдирди. Анын качан курулуп бүтөрү, Ысык-Көлгө баруучу туристтерге жаралып жаткан тоскоолдуктар качан жоюлары белгисиз. Расмий маалыматтар боюнча, кыргыз жерине жылына 3 миллиондун тегерегинде турист келет. Өлкөбүзгө дүйнөлүк коомчулуктун кызыгуусу артып жатат. Дүйнөлүк ири басылмалар, журналдар кыргыз жергеси тууралуу кеңири баяндамаларды жарыялап, барып көрүп келүүгө арзый турган өлкө катары мүнөздөшүүдө. Мындай ыңгайлуу учур дайыма эле жарала бербейт.
кошулду


