super.kg logo

Ысык-Ата районунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 3 аялдын иши боюнча кылмышка шектүү катары 6 адам кармалды

 

Ысык-Ата районуна караштуу Киргшёлк айылындагы үйлөрдүн биринен 24-мартта мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 3 аялдын иши боюнча кылмышка шектүү катары 6 адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда SUPER.KG порталына күч органдарындагы ишенимдүү булактар билдиришти.

Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү катары 6 адам бүгүн колго түшүрүлгөн. Алардын ичинен төртөө жашы жете электер экени айтылууда. Алдын ала маалыматтарга ылайык, кылмышка шектүүлөр мыкаачылык менен өлтүрүлгөндөрдүн үйүнө тоноо максатында киришкен. Учурда алар суракта экени маалым болду.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы жана Чүй ОИИББи кылмышка шектүүлөр кармалгандыгы тууралуу эч кандай маалымат бере албастыгын билдиришти.

Айта кетсек, бул факт боюнча “адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Каза болгон аялдардын экөө эже-сиңди, ал эми үчүнчүсү үй ээсинин 24 жаштагы кош бойлуу кызы болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: