super.kg logo

МЕДИА-ПОРТАЛ: "Мезгил" ырынын клибин тартууда Бактыбек Мамытов үй-бүлөсү менен чоң колдоо көрсөтүп, жардам беришти" дейт ырчы Акбар Сүйүнбаев

 

"Медиа-портал" бөлүмүндө мезгил, адамдын өмүрү тууралуу тартылган жагымдуу клиптердин катарында Акбар Сүйүнбаевдин "Мезгил" ырынын клиби бар. Клип тууралуу ырчы төмөнкүлөрдү билдирди:

"Бул чыгарманы мурун атам ырдап жүрчү. Ырдын обону кимдики экени ушул убакка чейин белгисиз, биз да териштире элекпиз. Бул ырды угуп көрөрүм менен клиптин идеясы жаралган. Сценарийин өзүмдүн атамды элестетип жазгам, кийин атам башка клипке тартылып калды. Ырдын маанисине жараша болсун деп кыргыз элине белгилүү, кадыр-барктуу инсан Бактыбек Мамытовду тарталы деп ойлодук. Агайга бул боюнча кайрылсак, алгач каршы болду. Кийин "жубайыңыз, үй-бүлөңүз менен тартылып бериңиз, ырды угуп көрүңүз" деп кайра сунуштадык. Агай макулдугун берди.

Клип тартуу учурунда агай чарчаганына карабай жакшы образ жаратып берди. Клипке Бактыбек агайдын 2 келини, неберелери, бир тууган агам, агамдын балдары да тартылышкан. Агай, анын жубайы тартуучу топко тамак-ашын, бышырылган этин, суусундугун көтөрүп келип, "биз бул чөйрөдө көптөн бери жүрөбүз, ысык-суугун жакшы түшүнөбүз" деп жардамдашып, тартуучу топко чоң колдоо көрсөтүп жатышты".

Акбар Сүйүнбаевдин "Мезгил" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(1)
13.05.2016. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактыбек Мамытов мен баалаган эл адамы бар болунуз ден- соолук уй булолук бакыт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: