super.kg logo

МЕДИА-ПОРТАЛ: Айпери Кубик кызы күйөрмандарына кайненелер тууралуу позитивдүү клип тартуулады

 

"Медиа-портал" бөлүмү Айпери Кубик кызынын "Силерди сыйлайбыз, кайненелер" ырына тартылган жаңы клип менен толукталды. Клип тууралуу ырчы буларга токтолду:

"2 жылдан бери кайненелер тууралуу ыр жаздырсамбы деп жүргөм. Эми убакыт-сааты чыкты окшойт. Быйыл ыр жаздырдык, сөзү өзүмө таандык, обону Кей Фигонун "Kanyelele" ырынан алынган. Клиптин идеясын оператор Тилек Нуркулов, режиссёр Кубат Шамшиев, мен болуп чогуу ойлоп таптык, анан ошого жараша клип тарттык.

Клипте "кайнененин мүнөзү оор болгону менен, баары бир келинин кызындай жакшы көрөт" деген ойду айталы дегенбиз. Клиптеги сюжет менен жеке жашоомдун эч кандай байланышы жок. Мен чыгармачылыгыма үй-бүлөмдүн мүчөлөрүн аралаштырбайм. Клиптин сюжети ойдон чыгарылган тамашалуу окуялар менен коштолот".

Айпери Кубик кызынын "Силерди сыйлайбыз, кайненелер" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: