super.kg logo
  Саясат  

Экс-премьер-министр Темир Сариев эмнеге отставкага кеткенин айтты

 

Жогорку Кеңештин 12-майдагы жыйынында Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду унаа жолун оңдоп-түзөө боюнча тендер маселеси тууралуу парламенттин убактылуу депутаттык комиссиясы маалымат берүүдө.

Жыйынга чакырылган экс-премьер-министр Темир Сариев, транспорт жана коммуникациялар боюнча экс-министр Аргынбек Малабаев жана транспорт жана коммуникациялар министринин мурунку орун басары Улан Уезбаев келди. Аларды жыйынга киргизүү же киргизбөө маселеси депутаттарды эки топко бөлгөн. Айрым депутаттар Т.Сариев экс-премьер-министр болгондуктан, маалымат берүүгө укуктуу эмес экенин айтышкан. Башка депутаттар Т.Сариевди сыйлоо керектигин билдиришкен.

Учурда мурунку өкмөт башчы депутаттарга Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду унаа жолун оңдоп-түзөө боюнча тендер тууралуу маалымат берүүдө. "Менден көп сурашты: "Эмнеге премьер-министрликтен кеттиң?" деп. Мен акыркы күндөрү ар түрдүү басымдарды сезип жаттым. Өлкөдө каатчылык болуп жатканда, ар кандай тирешүүлөрдөн улам бийликте ырк кетпесин деп, жеке кызыкчылыгымды ылдый, мамлекеттик кызыкчылыкты өйдө коюп, отставкага кетеримди жарыялагам", - деди Сариев.

Айта кетсек, 11-апрелде Темир Сариев отставкага кетерин жарыялаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 10 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: