super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеште Темир Сариев Канат Исаев менен кайым айтышты

 

Жогорку Кеңештин 12-майдагы жыйынында Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду унаа жолун оңдоп-түзөө боюнча тендер маселеси каралууда. Жыйын экс-премьер-министр Темир Сариев, транспорт жана коммуникациялар боюнча экс-министр Аргынбек Малабаев жана транспорт жана коммуникациялар министринин мурунку орун басары Улан Уезбаевдин катышуусунда өтүп жатат.

Жыйындын жүрүшүндө Т.Сариев депутат Канат Исаев менен кайым айтышты. К.Исаев экс-премьер-министрден: "Мыйзамсыз өткөн тендерди уткан кытайлык "Лонг Хай" компаниясынын өкүлү Азамат Жунушалиевди тааныйсызбы?" - деп сурады. Т.Сариев буга: "Ооба, мен аны тааныйм. Ал менин тууганым же жакын досум эмес. Сиз деле башка тендерлер боюнча иш бөлмөмө киргенсиз. Мисалы, бир ГЭСти курууну суранып кирип келбедиңиз беле", - деп жооп берди.

Канат Исаев бул тендер боюнча Сариевдин иш бөлмөсүндө эмес, расмий түрдө айтып жүргөнүн айтты. Андан соң Т.Сариев кайым айтышууну токтотууну сунуштады. "Бул жерде отуруп, артыңызда кылган иштериңизди байкап жүрсөңүз. Ак боло бербеңиз. Менде да айта турган сөз бар", - деди К.Исаевге Сариев.

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков эки тарапты бири-бирин сыйлоого чакырып, кайым айтышууну токтотту.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: