super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 16-МАЙ: Мындан 106 жыл мурун атактуу акын, драматург, котормочу Жоомарт Бөкөнбаев туулган

 

Атактуу акын, драматург, котормочу Жоомарт Бөкөнбаев 1910-жылы 16-майда Токтогул районуна караштуу Мазар-Сай айылында туулган.

Жоомарт Бөкөнбаев 1926-1931-жылдары Оштогу, андан соң Фрунзедеги педтехникумда, 1933-1935-жылдары Москвада Журналисттердин коммунисттик институтунда окуган.
Эмгек жолун 1931-жылы "Кызыл Кыргызстан" гезитинде бөлүм башчы болуп иштөөдөн баштап, 1935-1941-жылдары "Ленинчил жаш" гезитинин редактору, "Советтик адабият жана искусство" журналынын башкы редактору болуп иштеген.
Ж.Бөкөнбаев 1941-жылы өз эрки менен Советтик Армиянын катарына кирип, "Мекен үчүн алга!" дивизиялык гезиттин редактору болуп калат.
Ош кантондук гезитинде Ж.Бөкөнбаевдин "Жер алган кедейлерге" аттуу ыры 1927-жылы жарыяланат. Ал эми 1933-жылы "Эмгек төлү" аттуу алгачкы китеби жарык көргөн. 1935-жылы жарык көргөн "Алтын кыз" поэмасы анын чыгармачылыгында зор роль ойноп, анын сюжети боюнча музыкалык драма түзүлгөн. Жоомарт Бөкөнбаев "Семетей" пьесасынын жана "Токтогул" операсынын либреттосунун автору, "Айчүрөк" жана башка опералардын либреттолорунун авторлошу.
"Алтын кыз" поэмасы 1936-жылы орус тилинде жарык көрүп, жыйынтыгында Ж.Бөкөнбаевдин башка чыгармалары да орусчага которулган. Ал ошондой эле көптөгөн обондуу ырлардын текстинин автору.
Жоомарт Бөкөнбаев Ш.Руставели, А.С.Пушкин, М.Ю.Лермонтовдун ж.б. чыгармаларын кыргыз тилине которгон.
Акын 1934-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. Ал Ардак белгиси ордени менен сыйланган.
1944-жылы "Манас" эпосунун сюжети боюнча фильм тартууга даярдык көрүп жатканда, кызматтык иш сапарынын учурунда Ж.Бөкөнбаев күтүүсүз каза болгон.
16-майдын жылнаамасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: