super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев бийчи Атай Өмүрзаковдун "Тумар КР" тобуна Лондондо өтчү сынакка барууга акча бөлүп берди

 

Бүгүн, 16-майда президент Алмазбек Атамбаев белгилүү бийчи Атай Өмүрзаков, "Тумар КР" бий тобунун мүчөлөрү Айбек Мирбеков жана Өмүрбек уулу Баяман менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

"Мен силер менен сыймыктанам. Кылган мээнетиңер менен силер жеткис бийиктиктер жок экенин бардык мекендештериңерге далилдеп жатасыңар. Өлкөбүздө таланттуу, күчтүү, жаңы идеялары менен мамлекетибиздин атын чет жерлерде чыгарган жаштар көп. Мен мындай аракеттерди колдоп келгем, мындан ары да колдойм", - деди бийчилерге Атамбаев.

Мамлекет башчы Атай Өмүрзаковдун жана "Тумар КР" тобунун ийгиликтери кыргыз жарандарынын арасында заманбап бийге кызыгууну жаратканын баса белгиледи.

"Өлкөбүздү даңазалагыла! Чыгармачыл жеңиштерди, эргүүлөрдү жана ийгиликтерди каалайм!" - деди президент.

Андан соң Алмазбек Атамбаев "Тумар КР" тобуна Лондон шаарында өтчү "Britain’s Got Talent" ("Британияда таланттар бар") аттуу сынакка барууга акча каражатын бөлүп берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 16 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: