ЖЫЛНААМА, 17-МАЙ: 90 жыл мурун балет бийчиси Бүбүсара Бейшеналиева төрөлгөн

Кыргыз-совет балет жылдызы Бүбүсара Бейшеналиева кээ бир маалымат булактарында 1926-жылдын 17-майында туулган делинсе, кээ биринде 15-сентябрында деп жазылган. 17-май анын уулу Эрмек Бейшеналиевдин туулган күнү болгондуктан, бул датаны уулунун туулган күнү менен окшоштуруп жаздырып койгон деп айтылат.
СССРдин Эл артисти, легендарлуу балет бийчиси Бүбүсара Бейшеналиева Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Таш-Төбө айылында туулган. 1936-1941-жылдары Ленинграддагы (азыркы Санкт-Петербург) хореографиялык окуу жайында окуган. 1948-1949-жылдары ошол эле окуу жайдын өнөр арттыруу классында айтылуу балет педагогу А.Я.Вагановадан таалим алган. 1941-жылдан тарта Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын солисти, 1946-жылдан тарта башкы солист болуп иштеген. 1949-жылдан Фрунзедеги (азыркы Бишкек) хореографиялык окуу жайынын педагогу болуп иштеген.
Бүбүсара Бейшеналиева кыргыз хореографиясын негиздөөчүлөрдүн бири. Ал кыргыздын балет өнөрүнүн даңкын көп жерге чыгарган. Ал катышкан "Чолпон" балет-фильми дүйнөнүн 60тан ашуун өлкөсүндө коюлган. Б.Бейшеналиева СССРдин Эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, СССР Жогорку Советинин 6-7-чакырылышынын, Кыргыз ССР Жогорку Советинин 4-5-чакырылышынын депутаты болгон. Эмгек Кызыл Туу, Ардак белгиси ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Бүбүсара Бейшеналиева 1973-жылы 11-майда 47 жаш курагында каза болгон.
17-майдын жылнаамасы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Abospekova

17.05.2016. 10:42
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч кимде, бул эжебиздей сулулук болбосо керек.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.