super.kg logo

Европада "Евровидение-2016" сынагынын жыйынтыгына каршы кол топтоо башталды

 
"Евровидение-2016" сынагында Украинанын өкүлү, Ошто төрөлгөн Жамала жеңүүчү аталган.

Чет элдик басылмаларда "Евровидение-2016" Эл аралык сынагынын жыйынтыгына каршы кол топтоо башталды. Сынактын уюштуруучуларына жолдонгон кайрылууга мүмкүн болгон 35 миңден 29 миңден ашуун адам кол койгон. Армениянын Ереван шаарынын Артур Оганесян аттуу тургуну кол топтоону уюштурган. Ошондой эле мындай кол топтоону Улуу Британия, Франция, Германия, Испания, Австралия, Сербия, Швеция, Орусия, Украина жана башка өлкөлөрдүн жарандары да колдоп чыгышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлашат.

"Калыстардын жана телекөрүүчүлөрдүн добуш берүүсү татаал, эмоционалдык процесс экенин түшүнөбүз. Бирок сынактын жыйынтыгына каршы кол койгондордун көптүгү бул жылы биринчи орунду алышы керек болбогон адам жеңүүчү аталганын билдирет", - деп жазат кайрылуунун автору.

Мадрид шаарынын жашоочусу да бул кайрылууга кошулуп, Испания өлкөсүн 2017-жылы боло турган "Евровидение" сынагынан баш тартууга үндөгөн. Анын айтымында, Стокгольм шаарында болгон сынактын финалы шылдыңдоо болгон жана Европанын жарымына сынактын жыйынтыгы саясий кызыкчылыктардын негизинде аныкталарын айткан.

Немис интернет колдонуучулары да четте калбай Германия өлкөсүн кийинки сынактарга катышпоого чакырышкан. Алардын билдирүүлөрүндө сынак көркөм деңгээлде эмес, болгону саясий агымды чагылдырат.

Ал эми Францияда сынактын финалын баяндап турган телеалпаруучу Мариан Жеймсти жумуштан кетирүү талабы менен кол топтоо башталган. Кайрылуунун авторунун айтымында, алып баруучу түз эфир учурунда Орусияга карата кемсинткен билдирүүлөрдү айтуу менен Франция өлкөсүнүн имиджине терс таасирин тийгизген.

Белгилей кетсек, 15-майда жыйынтыкталган "Евровидение-2016" сынагында Украинанын өкүлү, Ошто төрөлгөн Жамала жеңүүчү аталса, 2-орунду австралиялык ырчы айым Дэми Им алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(24)
17.05.2016. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Артур Оганесян, Сергей Лазарев алсын добушумду бердим кошуп койгула оку
sher.ella түзөттү 2016-05-17 13:35:13
17.05.2016. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
озу бул сынак болбой эле калыптыр откон жылы сакалчан аялга берсе
17.05.2016. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Мага эмне булар утабы, утпайбы, кызыктырбайт.
17.05.2016. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
коментарий жазбай эле кой да
17.05.2016. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Биринчи орунду Сергей алыш керек эле,политика аралашып кетти. Бирок коруучулордун баары Сергейге добуш беришти.Менин добушум да Сергейге
17.05.2016. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
өзү менен өздөрү өлүп кетишпейби,сакалчан аялга берген бул европадан жакшылык күтүп болбойт
17.05.2016. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кол топтоо туура чечим.Жамала 1-орунга татыксыз болчу.
17.05.2016. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Тура кылышат озунун туулган жерин чанган кыздын наамын алып койсо жакшы болот
17.05.2016. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жамала ошто торолгон дебей эле койгулачы.Ал Кыргызстанды жакын сезбейт экен го,же чет элдиктер окубаса буну.Украиналык Жамала дегиле жон эле.
17.05.2016. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
MIRAN,тура айтасыз.
17.05.2016. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Неге эле Ошто төрөлгөн дейсиңер?
17.05.2016. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жамалабы, Жумалабы мага баары бир, туулган жердин топурагы алтын го, адамча эле интервью берсе болбойт беле.
17.05.2016. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айттым го мен копко барбайт бул кыз деп
17.05.2016. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жыйынтыгы жокко чыгарылса сонун болмок,ошондо Жумалабы ким ошого куп эле болмок))
17.05.2016. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бөрү баласы ит болбойт бул кыз жөнүндө жазбай эле коүгулачы
17.05.2016. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
жакшыда Ошто төрөлүп калган экен, ар бир жаңылыгында " Ошто төрөлгөн Жамала" деп эле болбой калыштыго, как будто бизге бир пайдасы бардай. Би Би #### бергег интервьюсунда Ош жөнүндө көп нерсе билбей турганын ачык эле айттыго, анан эмнеге биз бул кыз менен сыймыктанышыбыз керек, Ошто төрөлүп калганы үчүн элеби
17.05.2016. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орустар жанылыктардан какшап атышты эле, бул жерде политика болду деп,
17.05.2016. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен да жогорудагы саамалыкты колдоор элем, бул конкурс ЕС менен АКШнын саясий чечимин пропагандалоочу курал болуп жатат, бир жылы гей-лезбиянкаларды пропагандаласа, эми Крым учун Оруссиядан оч алып... калыстар калыстык кылбаса куруп кетсин. Россия 1-болбогондо да башка фавориттер, мисалы Австралия 1-орунду алса эч ким тан калып нааразы болмок эмес...
18.05.2016. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
barpy, мен да австралиялык Демини колдоп женет деп ойлогом бирок финиш кутуусуз болду.
17.05.2016. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошто торолгон деп айтпайле атын атап койсо болбойбу?торолуп оскон жерин чанып жатса
17.05.2016. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошто торолсо торолуптурда,неге тынбай эле айтасынар ошто оролгон деп.Кызык эй адамдар.Керек болсо ошто Курманжан даткадай энебиз торолгон.Ошто бут энелер,карындаш,эжелер торолгон.Тимеле бир ушул кыз торолгонсуп.
MUSLIM-81 түзөттү 2016-05-17 23:10:00
18.05.2016. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошода жакшы прикол болду окшойт ошто төрөлгөн :D как будто ошун айтпаса бирдеке болчудай болуп тв гезит баары боорду эзет
18.05.2016. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Во Кыргызстанды чанганын учун сага жаза! Еми ордунан тушуп озуно келеерсин)))))))))
18.05.2016. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы эле болуптур да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: