super.kg logo
  Саясат  

Армения менен Азербайжан Карабах чатагын жөнгө салууга даярдыгын билдиришти

 

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен Армениянын президенти Серж Саргсян Тоолуу Карабахтагы жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу тууралуу билдиришти. Тийиштүү билдирүү ЕККУнун Минск тобунун жолугушуусунан кийин жарыяланды. "Мындан аркы тобокелчиликтерди азайтуу үчүн президенттер кыска аралыкта ЕККУнун иликтөө механизмине тийиштүү иштерди бүтүрүүгө макул болушту", - деп айтылат маалыматта. Орусиянын ММКларына таянсак, Алиев менен Саргсян сүйлөшүүлөрдүн кийинки этабын июнда өткөрүүнү да макулдашты.

Быйыл апрель айында Карабах жаңжалы чыгып, согуштук аракеттерден улам эки тараптан тең жоокерлер каза табышкан. Чырдын чыгышына эки тарап бири-бирин күнөөлөп, бир катар өлкөлөр, анын ичинде кыргыз мамлекети дагы жаңжалды тынчтык жолунда чечүүгө чакырган.

Тоолуу Карабах - жашоочуларынын көбүн армяндар түзгөн Азербайжандын аймагындагы автономдуу облус.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: