super.kg logo
  Саясат  

Депутат Жол-патрулдук милициясына таштандылар менен күрөшүүнү сунуштады

 

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 17-майдагы отурумунда депутат Махабат Мавлянова Жол-патрулдук милициясына (ЖПМ) таштандыларды таштаган жарандар менен күрөшүүнү сунуштады.

"Өлкөбүздө таштандылар менен күрөшүү милдетин жергиликтүү бийлик аткарыш керек, бирок бул маселе чечилбей жатат. Көлдүн жээгинде, тоолордо таштандылар жатат, караган адам жок. Ошондуктан таштандыларды таштоону көзөмөлдөөнү Жол-патрулдук милициясына берсек жакшы жыйынтык болмок. Инспекторлор шаарда жүрүшөт. Бир гана тазалыкка эмес, жалпы экономикабызга салым кошмокпуз", - деди Мавлянова.

Жол-патрулдук милициясынын башчысынын орун басары Иманалы Саркуловдун айтымында, ЖПМ Экологиялык-техникалык инспекцияга салыштырмалуу мыктыраак иштемек. "Биздин кызмат жарандардын автоунааларды пайдалануусун көзөмөлдөйт. Эгер кандайдыр бир таштандыны унаадан таштоо фактысы аныкталса, биздин кызматкерлер аталган инспекцияны күтпөй эле, өздөрү тиешелүү административдик процедураларды жасашмак. Экотехинспекциянын адистери келгенче, процедураларды аныктаганча кыйла убакыт кетет экен", - деди Саркулов.

Айта кетсек, комитеттин отурумунда Бузуулар жөнүндө кодекстин долбоору талкууланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: