super.kg logo

№50-СИЗОдон качкан кылмышкерлердин иши боюнча соттук отурум: Итибаевдин аялы кызматкер Садыбакасовго 2 жолу акча бергенин билдирди

 

Бүгүн, 17-майда Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50-абактан качкан кылмышкерлердин иши боюнча соттук кароо Свердлов райондук сотунда улантылып, ал судья Санжар Чотоновдун кароосунда өтүүдө.

Сот залына айыпталуучулардын баары алынып келинди. Алардын бири кылмышкер Эдил Абдрахманов сакалы жана чачы жок (кырдыртып салыптыр) келди.

Соттук отурумга күбө катары А.Итибаевдин жубайы Лариса Кудашева чакырылды. Ал өз көрсөтмөсүндө эки жолу абактын кызматкери Тукеге (ред. Жумгалбек Садыбакасовго) акча каражатын бергенин айтты. Ал акча каражаттарын нымдуу майлыкка (ред. влажная салфетка) ороп бергенин билдирди. "Итибаев ал акчаны Ж.Садыбакасов менен мамилесин жакшыртуу максатында берип жаткандыгы менен түшүндүргөн", - деди Л.Кудашева.

Соттук отурумга күбө катары №50-абактын мурунку кызматкери Камил Токтобек уулу да чакырылды. Ал өз сөзүндө төмөнкүлөрдү билдирди:

“Окуя болгон күнү 8 киши иштеп жатканбыз. Кечинде мени “эс алуучу жайга барып эс алып тур” деп жиберишкен. Саат 23:30 чамасында тор артындагылар ызы-чуу чыгарып жатканын угуп, нөөмөт бөлүмүнө бардым. Тилек Абылгазиев аттуу кызматкер мага имараттын артына барып текшерип келүү керектигин айтты. Имараттын артына барып, эч кимди байкаган жокмун. Кайра келип кылмышкерлер сейилдөөчү жайдан Т.Өмүрзаков жатканын көрдүм. Мен кароол жайга барып, кызматкер жерде жатканын билдирдим. Андан кийин биз көзөмөл-өткөрүү пунктунда отурдук, көп өтпөй ок атууларды уктук. Ошол маалда сырттан унаа от алганын да уктук”.

Анын айтымында, кылмышкерлер, алардын арасында Кадыралиев бир нече жолу Садыбакасовду сүйлөшүүгө чакырышкан.

Эске салсак, 12-октябрга караган түнү Төмөнкү-Нооруз айылында жайгашкан №50-абактан жалпы 9 адам качып чыккан. Абактан качкан кылмышкерлердин колунан Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери Таалайбек Өмүрзаков, Туратбек Садыбакасов, Орозбек уулу Фархат ошол күнү каза болушса, оор жаракат алган Тилек Абылгазиев ооруканада өзүнө келбей жатып жан берген.

Качып чыккан кылмышкерлердин бешөөсү ошол эле түнү МАИ кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн. Кармалгандардын арасынан үч кылмышкер: Муратбек Жумалиев, Таалайбек Жуманов жана Бакыт Кенжегулов жүрөк оорусу, дем алуу органдарынын жабыркашынан жана баш сөөгүнөн алган жаракатынан түрмөдө каза болушту. Качып чыгып издөөдө жүргөн Данияр Кадыралиев Дордой конушунда 16-октябрда, 28 жаштагы Азамат Мусуралиев 20-октябрда Сокулукта өлтүрүлгөн. Издөөдө жүргөн кылмышкерлердин бири Эдил Абдрахмановду 22-октябрда кармоо учурунда анын бутуна ок тийген эле. Ага Чүй облустук ооруканасында операция жасалды. 22-октябрда Алтынбек Итибаевди Достук кичи районундагы №8-Б көп батирлүү үч кабаттуу үйдө кармоо операциясынын жүрүшүндө ал курал колдонуп каршылык көрсөткөн. Ок атышуу болуп, А.Итибаев өлтүрүлгөн.

Ал эми Алик Мамыркуловдун буйругу менен «коом үчүн коркунучтуу кылмышкерлердин түрмөдөн качуусуна жеткирген олуттуу каталарды кетиргени үчүн» деп №50-СИЗОнун бир топ жетекчилери иштен алынган. Алардын катарында Иманкул Телтаев да айыпталып, ЖАМК «тергөөнүн жыйынтыгына жараша Телтаев тийиштүү жазасын алат» деп билдирген эле. Телтаев №1-СИЗОнун медициналык бөлүмүндө шейшеби менен асынып алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(5)
17.05.2016. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Hmmm bashtaldy buzuk telefondor emnege adamdyn bashing ailantip jatSynar dagy
17.05.2016. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыныр иш, кырк жылда билинет болуп, четинен чыга баштайт анпн ушинтип.
17.05.2016. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Олгон адамга эми каалагандай куноону кое берсе болот экен деп ар демени ойлоп таба беришет экнн
17.05.2016. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кылмышкерлердин баары алынып келди деп,баары өлүп тиги чачы жок жалгыз калган го.
18.05.2016. 08:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канча киши олуп кеткен ошондо, жалган дуйно келет экенбиз да кетет экенбиз да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: