“Чалдыбар унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү бекетинен башка адамдын паспорту менен өтүүгө аракеттенген Малайзиянын жараны кармалды
“Чалдыбар унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү бекетинен башка адамга таандык паспорт менен өтүүгө аракеттенген Малайзиянын жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат менен камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 16-май күнү кыргыз-казак чек арасындагы “Чалдыбар унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү бекетинен Малайзиянын жараны башка адамга таандык паспорт менен өтүүгө аракеттенген. Тиешелүү документтер толтурулуп, чет элдик жаран УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.