super.kg logo
  Саясат  

Кожобек Рыспаев "Түндүк электр" ишканасын жеке компаниянын жерине көмөк чордон курганы жатканы үчүн сынга алды

 

Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин 17-майдагы жыйынында депутат Кожобек Рыспаев "Түндүк электр" ишканасын "Электросила" жеке компаниясынын жерине көмөк чордон курганы жатканы үчүн сынга алды.

"Түндүк электр" ишканасы тарабынан көрө албастык болуп жатат. Жеке ишкер Али Водянов өз убагында Бишкектен жер тилке сатып алган. Көмөк чордон куруу үчүн керектүү жабдууларды сатып алууга 121 миллион сом жумшаган. Ал Бишкектин бир бөлүгүн сапаттуу үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздап берем дейт. Ал эми "Түндүк электр" анын жерине көмөк чордон курганы жатат. Бишкекте башка жер калган жокпу? Же борбор калаада жашагандын баары сапаттуу электр энергиясын алып жатабы? Кээ бир үйлөрдө 160 вольт менен жашап жатышат", - деп нааразычылыгын билдирди депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: