Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Ош, Баткен облустарында аскерлердин абалын көрөт
Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиев Ош жана Баткен облустарында иш сапары менен жүрөт. Башкы штабдан 18-майда билдиришкендей, Дүйшөнбиев өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн түштүк-батыш аймагында дислокацияланган кошуундарынын, бөлүктөрүнүн күндөлүк ишинин уюштурулушу, алардын күжүрмөн даярдыгынын абалы менен таанышат.
Аталган кызматка жаңы дайындалган Дүйшөнбиевдин бул өлкө аймактарына жасаган биринчи иш сапары.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

