super.kg logo
  Саясат  

Ипотекалык насыя берүүнүн экинчи этабында миңдей адам арыз бергени айтылды

 

Ипотекалык насыя берүүнүн экинчи этабына катышууга миңден ашык жаран арыз берди. "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААКсынын башчысы Бактыбек Шамкеевдин билдиришинче, компания ипотекалык насыя берүүдө 6 банк менен иштешип жатат. "Мамлекеттик ипотекалык компания өз ишин баштагандан бери биринчи этапта арыз берген 180 жарандын 22сине ипотекалык насыя берилди. Экинчи этапка миңден ашык киши арыз берип, азыркы учурда арыздар каралып жатат. 2016-жылдын 20-майынан баштап тизмелер каралып, банктарга берилет. Турак жай алууну каалаган жарандардын тизмеси жашаган жерине жана иштеген тармагына байланыштуу мекеме, ишканаларда түзүлөт", - деди Шамкеев.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 2016-жылы 3 миңдей жаран мамлекеттик программанын алкагында турак жай менен камсыздалышы керектигин айтканын өкмөттөн кабарлашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: