super.kg logo
  Саясат  

Парламентте Бузуулар жөнүндө кодекстин долбоору сунушталып, комитет жактырды

 

Парламенттин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитети 17-майда Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин долбоорун жактырды.

Демилгечилердин айтымында, азыркы учурда иштеп жаткан Кылмыш кодекси менен Административдик кодексте СССР доорунда иштелип чыгып, анда көптөгөн ченемдик жоболор камтылып калгандыктан, аларды кайра бөлүштүрүү зарылдыгы келип чыкты. Алардын бири – Бузуулар жөнүндө кодекс. Муну менен бирге эл аралык тажрыйба менен күндөлүк сот ишинде топтолгон тажрыйба да эске алынганын айтышты.

Жаңы кодекс укук бузуу жаатындагы иштерди ыкчам жана так карап чыгууга мүмкүнчүлүк берет. Ал 39 гана беренеден туруп, жеке жана юридикалык жактарга байланыштуу укук бузуу жоболору камтылды. Кодексте эскертүү, айып пул жаза чаралары каралган. Кошумча укуктук чаралар – үстөк пул менен мүлкүнөн ажыратуу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: