Президент айыл өкмөт башчысынын орун басарын дайындоого байланыштуу мыйзамга кол койду
Президент Алмазбек Атамбаев "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Жогорку Кеңеш тарабынан 2016-жылдын 6-апрелинде кабыл алынган мыйзамдын максаты - айыл өкмөт башчысынын орун басарын жана айыл башчыларын кызматка дайындоодогу мыйзамдык карама-каршылыктарды жоюу. Ага ылайык, сынактын жыйынтыгы менен айыл өкмөт башчысы тарабынан дайындалуучу айыл өкмөт башчысынын орун басары муниципалдык кызматкер болуп эсептелет.
Мыйзам расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

