super.kg logo
  Саясат  

Текебаев: "Энергетика тармагын өнүктүрүү программасы жок өкмөттүн кереги жок"

 

Жогорку Кеңештин 18-майдагы жыйынында өлкүнүн энергетика тармагын реформалоо маселеси талкууланууда. Анын жүрүшүндө депутаттар Улуттук энергетикалык холдингди калтыруу же жоюу боюнча пикирлерин айтып жатышат.

Депутат Өмүрбек Текебаевдин айтымында, бул маселе премьер-министрдин катышуусунда талкууланыш керек. "Өкмөт башчы келип энергетика тармагын өнүктүрүү жана реформалоо боюнча программасы менен тааныштырсын. Биз ага суроолорду берели, сунуштарды айталы. Жоопкерчиликти моюнуна алсын. Энергетика тармагын өнүктүрүү программасы жок өкмөттүн өлкөгө кереги жок", - деди Текебаев.

Депутат Алтынбек Сулайманов анын пикирин колдоду. "Премьер-министр бош болсо жыйынга келсин, маалымат берсин. Даяр эмес болсо, кийинки жумага даярданып келсин. Энергохолдинг толук кандуу иштей баштаганда, электр энергиясынын баасы кандай болот? 2016-2017-жылдары сырттан электр энергиясын импорттобойбузбу? Өкмөт башчы ушул суроолорго жоопторду айтышы керек", - деди Сулайманов.

Депутат Бакыт Төрөбаев "эгер энергетикалык системди сактайлы десек, энергохолдинг керек" деген оюн айтты. "Бул холдингдин башчысы Айбек Калиев болобу, башка адам болобу, ал өлкөнүн энергетикалык коопсуздугуна жоопкерчиликти алсын. Эртең эле кыш келет. Эл электр энергиясын үзгүлтүксүз алышы керек", - деп билдирди Төрөбаев.

Өкмөттүн парламенттеги өкүлү Аширбек Темирбаев премьер-министр иш сапарына байланыштуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынына келе албастыгын айтты. "Мындан улам энергохолдингди түзүү же түзбөө боюнча чечимди бүгүн кабыл алууну суранабыз", - деди депутаттардан Темирбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: