super.kg logo

КИНОЗАЛ: Эксклюзив! "Карт бойдок-2. "Шапа 007" агенттиги” тасмасы "Кинозал" бөлүмүндө

 

"Кинозал" бөлүмү жаңы, эксклюзивдүү, үй-бүлөлүк, лирикалуу “Карт бойдок-2. "Шапа 007" агенттиги” тасмасы менен толукталды. Кыргыз кинокомедиясынын катарын толуктаган бул фильмдин режиссёру -Акжол Бекболотов, идеясы Съездбек Искеналиевге таандык. Аталган тасмада башкы ролдорду Адилет Усубалиев, Айсулуу Маликова жана Гүлмира Турсунбаева сыяктуу актёр-актрисалар жаратышкан. Ошондой эле бул фильмден Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисттери Жаркын Балыкбаева, Асылбек Өзүбеков, актёрлор Марат Козукеев, Камчы Сарыбаев, актрисалар Таалайкан Абазова, Алиман Дүйшеналиеваны көрүүгө болот.

Тасманын продюсери Съездбек Искеналиев тасма тууралуу буларга токтолду:

"Тасма көздөгөн максатына жетти деп ойлойм. "Карт бойдок" тасмасынын биринчисине караганда экинчиси сапаттуу, романтикалуу тасма болду. Көп эле бойдоктор үйлөндүк деп айтып жатышат. Тасма өзүнө кеткен каражатты толук актады. Азыр тааныш бойдок балдар, кыздар тамашалашып, "Шапа 007 деген агентти таап бербейсиңби?" деп калышат. Бул тасмага карата жалаң жакшы пикирлерди угуп жаттык".

"Карт бойдок-2. "Шапа 007" агенттиги" тасмасын бул жерден көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
19.05.2016. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кино экен жакты
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: