super.kg logo
  Саясат  

Орусиядагы мигранттарды эми Ички иштер министрлиги көзөмөлдөйт

 

Орусиянын Федералдык миграция кызматы жана Баңгизаттарын жүгүртүүнү көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматы өз алдынча мекеме катары жоюлду. Мекемелер 2016-жылдын 1-июнуна чейин Орусиянын Ички иштер министрлигинин карамагына өткөрүлгөнү жатат. Тийиштүү жарлыкка президент Владимир Путин быйыл апрель айында кол койгону белгилүү болду.

"Чет элдиктер боюнча эмгек мамилелерине байланышкан маселелер бар. Бул таптаза жарандык тармак экени анык, маселе өкмөт башчысы менен талкууланган. Ички иштер министрлиги, Федералдык миграция кызматы менен биргеликте деталдарды иштеп чыгуу керек болот", - деди Путин миграциялык кызматтын жоюлушу тууралуу.

Орусиялык маалымат каражаттары жазышкандай, бул маселе 2016-жылдын 31-мартында Орусиянын Коопсуздук кеңешинде талкууланган. Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев аталган кызматтарды жоюу сунушталганы менен, чечим кабыл алына электигин кабарлаган. Федералдык миграция кызматынын функциясы Федералдык коопсуздук кызматына же Орусия ИИМине өткөрүлүп берилери айтылып жаткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: