super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш Жогорку Соттун судьясы Канатбек Турганбековдун отставкага өз каалоосу менен кетүүсүн жактырды

 

Жогорку Кеңеш Жогорку Соттун судьясы Канатбек Турганбековдун отставкага өз каалоосу менен кетүүсүн жактырды. Бул чечимге катталган 112 депутаттын баары "макул" деп добуш берди.

Белгилей кетсек, судья Канатбек Турганбековдун ысымы Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Хажимурат Коркмазов менен президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаевге козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган. 2015-жылы Турганбеков сотто көрсөтмө берүүдө буларды айткан:

"2015-жылдын май айынын башында Жогорку Соттун башчысынын орун басары кызматында иштеп турганымда мага Данияр Нарымбаев телефон чалып, Назгүл Түлееваны кабыл алууну суранган. Кийинки күнү эртең менен Түлеева телефон чалып, биз жолукканбыз. Түлеева туугандарынын мүлкүн камактан чыгаруу маселесин чечип берүүнү суранганда "Эгер мүлктү камактан чыгарсак, эл эмне деп ойлойт?" деп жооп бергем. Жолугушуубуз 2-3 мүнөткө созулган".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: