super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 20-МАЙ: Актёр, режиссёр Эгемберди Бекболиев 61 жашка чыкты

 
КРнын Эмгек сиңирген артисти, актёр, режиссёр Эгемберди Бекболиев 1955-жылы 20-майда Чүй облусунун Панфилов районундагы Букара деген айылда төрөлгөн.
Мектепти бүткөндө Кыргыз драма театрынын алдындагы студияга тапшырган. 1973-1975-жылдары Эгемберди Бекболиев Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп келет да, кайрадан окуусун уланткан.
1976-жылдан тартып ал Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына артисттикке кабыл алынган.
Театрда иштеп жатып эле жогорку билимди сырттан алуу үчүн Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы Театр жана сүрөт институтуна тапшырган. Бирок 1990-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтуна которулуп, 1993-жылы ийгиликтүү бүтүрүп чыккан.
Эгемберди Бекболиев "Чиркин өмүр", "Апамдын махабаты", "Үзүлбөгөн үзөңгү", "Президент жана бомж" сыяктуу тасмаларда роль жараткан.
20-майдын жылнаамасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
20.05.2016. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куттуктайбыз. 61жаш курагыныз кут болсун.
stimyl.kg түзөттү 2016-05-20 09:51:16
21.05.2016. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстандын эн корунуктуу,абдан мыкты актерлордун бири!Куттуктайм,коп жашаныз!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: